• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Сууда “Унаа” мекемесинин калкты тейлөө бөлүмү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта, Оштун Кара-Суу шаарында “Унаа” мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө бөлүмү ачылды.

ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинен билдиришкендей, жаңы ачылган бөлүм шаар тургундарынын көйгөйлөрүн жеңилдетүүгө мыкты шарт түзөт.

“Эми ал жактагы автоунаа ээлери башка жакка барып убара болбостон жаңы ишке кирген бөлүмдөн транспорт каражаттарын каттап же кайра каттата алат. Ошондой эле мамлекеттик номерди дагы жеринен ала алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий