• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Бүгүн Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында КР Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош гарнизонунун башчысы, генерал-майор Руслан Мукамбетов жана чек ара кызматынын аскер кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында курал-жарактардын көргөзмөсү уюштурулуп, куралдуу күчтөрүнүн кызматтык кийиминин жана атайын техникасынын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле, күжүрмөн кызматы менен айырмаланган аскер кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп, концерттик программа тартууланды.

М.Исаев жалпы аскер кызматкерлерин Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жана Ош шаарынын мэриясынын атынан кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнүн коопсуздугун бекемдөөгө жана сактоого кошкон баа жеткис салымын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий