• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУда заманбап "Борборлоштурулган окуу залы" ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине карата илимий китепкананын алкагында «Борборлоштурулган окуу залынын» ачылыш аземи болду.

Окуу жайдан билдиришкендей, аземге окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, ОшТУ, ОшМПУнун ректорлору, китепкана жетекчилери, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин өкүлдөрү, Ош шаарындагы китепканалардын жетекчилери, университеттин професордук-окутуучулук курамы, студенттер, окурмандар катышты.

Коноктор китепкананын заманбап жасалгасын, окурмандарга түзүлгөн шарттарын, мүмкүнчүлүктөрүн көрүштү. Окуу залынын ичинде борборлоштурулган окуу залы, STUDCLUB студенттердин профессионалдык жеке өнүгүү борбору, Scops илимий-изилдөө борбору, электрондук ресурстар бөлүмү сыяктуу жаңы багыттар да камтылган.

STUDCLUB студенттердин профессионалдык жеке өнүгүү борбору эки багытта иш алып барат. Факультеттердин, институттардын, колледждердин студенттери үчүн мыкты инсан болуп калыптануусуна багыт берген тренингдер, мастер-класстар өткөрүлөт. Ал үчүн сырттан жана окуу жайдын ичинен атайын адистер конок катары үзгүлтүксүз чакырылып турат.

Мобилдүүлүккө чыгып жаткан студенттер үчүн салым кошкон англис тилинде баарлашуу кулабдары уюштурулат. Клубда чет өлкөлөрдөн келген 3 ыктыярчы мугалимдер билим беришет. Scops илимий-изилдөө борборунда илимий изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан окутуучулар үчүн шарттар түзүлгөн.

“Учурда китепкананын жалпы ишмердүүлүгү, китепканачылардын орду толугу менен санариптештирилген. Окурмандар факультет, колледждеринде туруп смартфондор аркылуу китептерге буюртма берип, каалаган китептерди алып окууга болот. Андан сырткары окуу залдагы акыркы үлгүдөгү компьютерлер аркылуу да электрондук китептерди окуса болот. Биз китеп менен окурмандын, окурман менен китептин ортосундагы байланыштарды автоматташтырууга жетиштик. Буга чейин китептерди китепканачылар аркылуу сурап алган болсо, азыр баары ачык колдонууга коюлду. Кааласа электрондук, кааласа өздөрү келип алып, окуп кайра ордуна койгон иш-аракеттер жүрүп жатат”, - деди илимий китепкананын директору Азамат Орозбаев.

Окуу жайдын тарыхы менен жашташ илимий китепкананын фонду 500 миңден ашуун китепти түзөт. Электрондук китептердин саны 3000ге чукул. Күн сайын эң көп окулган жана сунуш түшкөн китептер заманбап техникалардын жардамында электрондоштурулуп турат.

Пикир

Оставить комментарий