• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде пайдаланууга бериле турган бала бакча менен мектептердин абалы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Баткенде пайдаланууга бериле турган бир бала бакча менен беш мектептердин абалы текшерилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүгө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте мектептердин абалы менен таанышып чыкты.

Жалпысынан жаңы 2022-2023-окуу жылына Самаркандек айылындагы Сагын Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак мектеби, Үч-Дөбө айылындагы Үч-Дөбө башталгыч мектеби, Сай айылындагы Д.Акматов атындагы орто мектеби, Кара-Токой айылындагы Б. Мергенов атындагы орто мектеби, Ноогардан айылындагы №32 Ноогардан орто мектеби жана Ак-Сай айылындагы "Капчыгай" бала бакчасы пайдаланууга берилет.

Мындан сырткары, Лейлек районунун аймагында эки бала бакчасы пайдаланууга берилүү алдында турат.

Облус башчысы билим берүү мекемелеринин даярдыктарын текшерүү учурунда оңдоп-түзөө иштерин толук бүткөрүү, кемчиликтерин толуктоо жана курулушту сапаттуу куруу тапшырмасын берди.

Аталган билим берүү мекемелери толугу менен керектүү эмеректер менен толукталып, заманбап шартта курулган. Учурда имаратты иретке келтирүү жумуштары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий