• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунун башчысы Араван районундагы жазгы талаа иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Араван районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында райондогу жазгы талаа жумуштарыменен таанышып, картошка жана капуста олтургузуу иштерине катышып, дыйкандар менен сүйлөшүп, көйгөйлөрүн укту. Ош облусунун башчысы дыйкандарга жеңилдетилген насыя жана өндүрүлгөн продукцияны реализация кылууга көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

"Өлкөбүздө жазгы талаа жумуштары эң алгачкылардан болуп Араван районунда башталат. Буга чейин да дыйкандарга керектүү шарттарды түзүү боюнча иш алып барганбыз. Мындан ары да дыйкандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, түшүмүн сатууга жана экспорттоого колдоо көрсөтөбүз", - деди Зиядин Жамалдинов.

Мындан сырткары, Араван районундагы ирригациялык системаларынын даярдыгы, арык жана каналдарды тазалоо жумуштары, буга чейин берилген тапшырмаларды аткарылышы менен таанышты.

Иш сапарынын соңунда, Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүндө өткөн элдик жыйынга катышып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуп, жыйынга катышкан жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий