• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Өзбекстан аба жолдору" Киевге каттамдарын токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Украинанын аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу 27-февралга жана 2-мартка пландалган Ташкент-Киев-Ташкент каттамдары аткарылбайт. Бул тууралуу "Өзбекстан аба жолдорунун" басма сөз кызматы кабарлады.

Авиакомпаниянын маалыматына караганда, аталган каттамдарга билет сатып алгандар акчасын кайтарып алып же учуулар калыбына келгенден кийинки башка каттамдардын билеттерине алмаштырса болот.

Буга чейин соцтармактарда бейшемби күнү Киевден Ташкентке учкан Sky Up Airlines авиакомпаниясынын каттамы Молдованын борбору Кишиневго конууга аргасыз болгону тууралуу маалымат жарыяланган.

Мындан тышкары, 24-февраль күнү эртең менен Краснодарга учкан каттам Орусиянын Ростов облусунун аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу Наманганга кайра конгону кабарланган.

Ал ортодо Өзбекстандын Киевдеги элчилиги Украинадан чыгып кетүүнү каалаган өзбек жарандарынын тизмеси түзүлүп, аларды эвакуациялоо планы иштелип чыгып жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий