• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда калк жыш отурукташкан аймактар карантинге жабылышы мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн калк жыш отурукташкан аймактарын карантинге жабуу зарылдыгын айтты. Бул тууралуу 23-мартта Нур-Султанда өткөн өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында белгилүү болду.

Президенттин пикиринде, Нур-Султан жана Алматыны толугу менен курчап, шаарга жөө кирүү мүмкүндүгүн бөгөттөө керек. Мындан тышкары жакын арада калк жыш отурукташкан башка аймактарды дагы жабуу маселесин кароо зарыл.

«Ушул тапта карантин чаралары өтө кеч киргизилген өлкөлөрдө илдет көп катталып жатат. Инфекциянын тездик менен жайылышын токтотуу үчүн изоляция чараларын күчөтүү зарыл. Башка өлкөлөрдөн келип жаткан оң жана терс маалыматтарды эске алуу менен медициналык системабызды бардык кырдаалга даярдоону улантуу керек», – деди Токаев.

Президент карантиндеги талапты аткарбаган кишилерди жазалоо зарылдыгын да белгиледи.

Казакстанда 23-мартка карата 62 киши коронавирус илдетине чалдыкты. Алардын көбү Алматы жана Нур-Султан шаарларында.

Пикир

Оставить комментарий