• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунда көп функционалдуу логистикалык борбор курулат

Аймак 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында көп функционалдуу логистикалык борбор курулат, деп билдирет президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

КР президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин имаратында министрлер кабинети менен “Алканов Групп” ЖЧКсынын ортосунда “Чүй облусунда көп функционалдуу логистикалык борборду куруу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуу иш-чарасы болуп өттү.

Макулдашууга президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев жана “Алканов Групп” ЖЧКсынын директору Азамат Эрдешов кол койду.

Долбоордун баасы 20 млн АКШ долларын түзөт. Ал өлкө аймагында көп функционалдуу соода-логистикалык борборду түзүүгө, жууп, таңгактап, калибрлөөчү линиясы бар айыл чарба продукциясын сактоочу кампаларды, жалпы аянты 10080 м2 аянтты ээлеген лаборатория жана 20 160 м2 келген кургак кампа менен камсыз кылууга багытталган.

"Долбоорду ишке ашыруу өлкөдөгү кичи жана чакан бизнеске оффлайн режиминен онлайн соодага кайра багыт алууга, продукцияны улуттук жана чет өлкөлүк деңгээлде натыйжалуу жайылтууга, региондук жеткиликтүүлүктү жогорулатууга, ошондой эле товарлардын экспортуна көмөктөшүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бул долбоор жергиликтүү жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр менен сатып алуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган инновациялык IT продуктуну киргизүү мүмкүнчүлүгүн карайт, ал белгилүү бир максаттар үчүн маалымат берүү аркылуу өндүрүүчүнүн ишенимдүүлүгүнүн далили катары кызмат кылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий