• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында “Селсаяк, тилемчи” аталышындагы рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Селсаяк, тилемчи” аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында шаар көчөлөрү, базарлар жер астынан жана үстүнөн өткөн өтмөктөр текшерилди. Натыйжада жер астындагы өтмөктө кайырчылык менен алек болгон үч карыяга, майыптыгы бар жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө кайтарылды.

Андан сырткары, лөлү тектүү жарандар жашаган үйлөргө да рейд уюштурулуп, жыйынтыгында 30 адам Ош обулусуна жеткирилди. Эскерте кетсек, кайырчылардын басымдуу бөлүгү Сузак районунан жана Ош облусунан келгендер.

Белгилей кетсек, рейдге Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, аймактык башкармалыктардын башчылары, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий