• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлиги жаш жеткинчектерди Ысык-Көлгө жайкы лагерге жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жайкы лагерге майыптыгы бар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 240 баланы «Жалын» жайкы лагерине жөнөттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, балдардын жайкы эс алуусу президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган.

Балдарды көңүлдүү эс алууга эмгек министри Кудайберген Базарбаев узатып, аларга жакшы эс алууну каалап, жылуу сөздөрүн айтты.

Ысык-Көлдө майыптыгы бар балдар, багып алган үй-бүлөдө жашаган, тоголок жетимдер жана камкордукка, көзөмөлдүккө алынган балдар, ошондой эле интернаттардын тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ден соолуктарын чыңдап келишет.

Министрликтен билдиришкендей, жалпысынан үч агым уюштурулуп, лагерде 550дөн ашык бала эс ала турганы пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий