• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда эми туруктуу негизде жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы конкурсу өтүп турат. Шарттары

Президент 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул туралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыктын милдеттери педагогикалык кесипти кеңири жайылтуу, мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдеринин жана мыкты тарбиячыларынын алдыңкы инновациялык педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу болуп саналат.

Билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга, мектепке чейинки жана башталгыч, негизги, орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө, педагогикалык кызматкерлердин эмгектик аброюн жогорулатууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Туруктуу негизде ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстары (мындан ары – ар жылдык республикалык конкурстар) өткөрүлсүн.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ар жылдык республикалык конкурстар республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан борборлоштурулуп өткөрүлөт;

2) ар жылдык республикалык конкурстарга төмөнкүлөр катыша алат:

  • мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын предметтик мугалимдери жана башталгыч класстарынын мугалимдери, жалпы билим берүү уюмунда мугалимдик кызматта иштегендер;
  • мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары, методисттери, мугалимдер, музыкалык жетекчилер, мектепке чейинки билим берүү уюмунда жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарда иштегендер;

3) «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сыйлыктарын бир эле адамга кайра ыйгарууга жол берилбейт;

4) ар жылдык республикалык конкурстардын жыйынтыктарын чыгаруу жана сыйлоо аземи кесиптик майрамдын – Эл аралык мугалимдер күнүнүн алдында 5-октябрда өткөрүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу бардык зарыл чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

1) ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарын өткөрүү тартибинин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин;

2) ар жылдык республикалык конкурстарды өткөрүү үчүн тесттик жана баалоо инструменттерин иштеп чыксын жана апробация жүргүзсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ар жылдык республикалык конкурстарды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

Пикир

Оставить комментарий