• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Жалал-Абад шаарынын бир катар жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Эртең, 16-сентябрда Жалал-Абад шаарынын бир катар жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 9:00дөн 17:00гө чейин шаардын Абдрахманов №16,18, Байзаков проспектиси №176,178,180,182, Сузак, Ивасишина, Авиация, Москва, Курманбек №15,17 көчөлөрү, "Алтын-Казык" соода борборунда электр жарыгы болбойт.

Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий