• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абадда жаңы ооруканын курулушун текшерди

Аймак 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында болуп, оорукананын үч кабаттуу кошумча имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын 3 кабаттуу жаңы имаратынын жалпы баасы 251 млн сомду түзөт.

Курулушту аяктоо жана пландуу ишке берүү үстүбуздөгү жылдын ноябрь айынын аягына белгиленген. Жаңы имаратта нефрология, неврология жана терапия бөлүмдөрүн уюштуруу пландалууда. Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши менен облуста медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий