• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абадда Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркы түзүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркы түзүлөт.

Парктын курулушуна Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук капсула салды.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков бул парка коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, парк павильондору, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле спорттук кластер (баскетбол, кичи-футбол) курулат. Парктын аянты болжол менен 7 гектарды түзөт. Курулуш иштери кийинки жылы бүтөөрү күтүлүүдө. Жалпы инвестициянын көлөмү 2 млн доллар.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө “Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркын” курууга капсула салынышы менен эки элдин жана эки өлкөнүн байланыштары достук мамилелеринин ачык далили жана тарыхый жактан бекемделгендигин белгиледи.

“Биздин биргелешкен иш-чарабыз – онунчу кыргыз-орус аймактар аралык конференциясы жана “Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркына” капсула салынышы Россиянын президенти Владимир Владимирович Путиндин Кыргызстанга расмий сапарынын алдында өтүп жатканын белгилеп кетүү кубанычтуу. Бул кыргыз-орус аймактар аралык байланыштарынын, жалпысынан биздин өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн прогрессивдүү өнүгүүсүнүн дагы бир ачык далили. Кыргызстан менен Россиянын аймактары өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жогорку потенциалга ээ. Кыргызстан Россиянын 81 субъектиси менен бекем байланышта экенин канааттануу менен белгилегим келет. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу тармактарында 40тан ашуун келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн облустары менен шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү боюнча 10дон ашуун келишимдер бар. Биз бул динамиканы бекемдеп жана өнүктүрөбүз”, – деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин, өлкөлөр ортосунда саясий диалог түзүлүп, аймактар аралык кызматташтык активдүү темпте өнүгүп жатканын белгиледи.

“Эки өлкөнүн аймактарынын достук паркы эң сүйүктүү эс алуу жайына айланып, бүгүн тигилген көчөттөр өсүп, муундардын байланышынын символу болуп калаарына ишенем”, - деди Алексей Оверчук.

Капсула салуу аземинен кийин бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий