• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “D”, “Т” категориялары боюнча айдоочуларды кайра даярдоо маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Бишкекте “D” жана “Т” категориялары боюнча айдоочуларды кайра даярдоо, ошондой эле жаңы келгендерди бекер окутуу маселелери талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга мэрдин орун басары Максатбек Сазыкулов жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Айдар Токонов, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын өкүлдөрү, ошондой эле автомектептердин директорлору катышты.

Мэрдин орун басары жаңы келгендер тез арада окуудан өтүп, "D" жана "Т" категорияларын алуусу керек деген жобону иштеп чыгууну тапшырды.

Эскерте кетсек, “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы троллейбустун айдоочусу болууну каалагандардын баарын бекер окуудан өтүп, “Т” категориясын алууга чакырат.

Белгилей кетсек, №20 кесиптик лицейге жаңы келгендер 6 айга созулган акысыз окуудан жана практикадан өтүшөт. Ошондой эле окуу жайда бекер жатакана каралган. Курсту аяктагандан кийин расмий ишке орношуу жана татыктуу эмгек акы кепилденет.

Пикир

Оставить комментарий