• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

25-29-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-29-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 28-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 29-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий