• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Москва – Бишкек" каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз билемдик менен чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. "Аэрофлот" авиакомпаниясынын "Москва–Бишкек" каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз билемдик менен чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул каттамдын жүргүнчүлөрү бардык тийиштүү процедуралардан өтүшкөн. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

"22-мартка чейин коронавирус жуктургандардын саны 1 миңден аз болгон, эпидемиологиялык абал жагымдуу өлкөлөрдөн келгендердин баары тийиштүү процедуралардан өткөндөн кийин үй карантинине жиберилген болчу. Республикалык штабдын чечими боюнча 22-марттан тарта чет өлкөлөрдөн учуп келген бардык жүргүнчүлөр тийиштүү процедуралардан – паспорт көзөмөлү, санитардык-карантиндик пункттан өткөндөн кийин, обсервация жайларына жеткирилүүдө", - деп билдирет аэропорттун басма сөз кызматы.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42 жетти.

Пикир

Оставить комментарий