• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Августта “Түндүк электр” 420,2 млн сом чогултту

Коом 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Август айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 310,5 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2016- жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 10,7 млн. кВт саатка көбүрөөк. Аталган бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 391,4 млн сомду түзүп, анын 420,2 млн. сому (107,4%) чогултулган.

"Түндүк электр" басма сөз кызматы билдиргендей, август айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу:

бюджеттик уюмдардан – 149,4 %

калк арасында – 110,2 %

өндүрүштүк объектилерден- 107,2 %

башка керектөөчүлөрдөн –98,6 %

жана айыл чарба объектилеринен – 62,5 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:

борбор калаабызда төлөм чогултуу 104,5 %

Чүй облусунда – 107,5 %

Талас облусунда – 140,7 % түздү.

Август айынын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 7,58 % түздү.

Пикир

Оставить комментарий