• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Мавлянова эмне себептен Кытай менен визасыз режим киргизүүнү сунуштаганын түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 04.10.18 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова кытайлык туристтер үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Бул туристтердин санын өстүрүүгө жардам бермек. Мындай пикирин ал турдүү социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлгөн парламенттин отурумунда билдирген.

Бул идеяны сунуштаган соң Мавлянова коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды, аны Кытайдын кызыкчылыктарын коргоп жаткандыгын айтып чыгышты.

Парламенттин басма сөз кызматы айтылган сунуштун себептерин билүү үчүн депутатка кайрылышкан.

Ал бул теманы Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыктары үчүн көтөргөнүн айтты. Анын айтымында, өлкөдө жумушсуздук көйгөйү бар экендиги баарына белгилүү. Бир нече кыргыз жарандары акча табуу үчүн чет өлкөдө жүрүшөт.

“Кыргызстандын чоң туристтик потенциалы бар. Бирок биз анын 10 пайызын дагы колдонбойбуз. Эгер туристтик тармакты өнүктүрүп, инвестицияларды жиберип, керек болгон шарттарды түзө баштасак, Кыргызстандагы чет элдик туристтердин саны көбөйөт. Ар бир турист 4 адамды жумуш менен камсыздайт”, - деп эсептейт Махабат Мавлянова.

Ал эми эмне үчүн Кытайдын жарандарын айткандыгы боюнча Мавлянова визасыз режимди Кытайдын бардык жарандарына эмес, кытайлык туристтер үчүн гана киргизүүнү сунуштаганын билдирди.

Анын пикиринде Россия жана Казакстан Кытайдын жарандарына топтук турлар үчүн визасыз режимди киргизгенине 15 жылдай болуп калды. 30-40-50 турист келет, ал эми туристтик компания бардык туристтер өлкөнү таштап кетүүсү үчүн жоопкерчилик алат.

Кытайдын жарандарынын бир бөлүгү Кыргызстанда калып калышы мүмкүн болгон тобокел барбы деген суроого жооп берип жатып Мавлянова кытай жарандарын потенциалдуу кылмышкер деп эсептебөө керектигин айтты. Ал бул маселеге оң көз караш менен кароо керектигин билдирди.

“Дүйнөдөгү туристтердин 30 пайызын Кытайдын жарандары түзөт. Андыктан биз бул потенциал жана мүмкүнчүлүктөн колдонуп калышыбыз керек”, - деп эсептейт Мавлянова.

Эске салсак, КРнын Миграция кызматы КРдагы чет элдик мигранттардын дээрлик 80 пайызын Кытайдын жарандары түзөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий