• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жарнама такталарын алуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 13.02.24./Кабар/. Бишкекте жарнама такталарын алуу иштери уланууда

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштин жүрүшүндө Дэн Сяопин проспектисин бойлой Алыкулов көчөсүнөн баштап Фучик көчөсүнө чейин 58ден ашык жарнама конструкциясы алынып, 7 протокол түзүлдү.

Юнусалиев көчөсү Горький көчөсүнөн баштап Сухэ-Батор көчөсүнө чейин 52 жарнак конструкциясынан тазаланып, 21 протокол түзүлдү.

Москва көчөсү Манас проспектисинен баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин 67 көрнөк-жарнак алынып, 3 протокол түзүлгөн.

Жибек-Жолу проспектиси Ибраимов көчөсүнөн баштап Бөкөнбаев көчөсүнө чейин 36 жарнак конструкциялары алынып, 8 протокол түзүлгөн.

Жеринде Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, муниципалдык инспекциянын, муниципалдык администрациялардын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү иш алып барды.

Белгилей кетсек, борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, имараттардын фасаддарын жана алардын конструкциялык элементтерин уруксатсыз кайра жабдууга, ошондой эле жарнамалык көрнөктөрдү уруксатсыз илип коюуга тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий