• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Дордой” базарында кошумча салык тейлөө пункттары ачылды

Коом 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. «Дордой» базарынын аймагында ишкерлерге кошумча ыңгайлуулук түзүү максатында салык кызматынын 8 бөлүмү иштей баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ошондой эле кардарлар менен иштөө үчүн инспекторлор дайындалган.

Эми ишкерлер "Дордой" соода жана оюн-зоок комплексинин патенттерин төлөө үчүн төмөнкү даректерге кайрылса болот:

- «Дордой Базары» ЖЧКсынын базар администрациясы, борбордук кире бериште;
- «Дордой базары» ЖЧКсынын салык кызматынын филиалы (мечиттин жанында);
- «Алкан Базары» ЖЧКсынын салык кызматынын филиалы;
- «Дордой Азия» ЖЧКсынын базар администрациясы (Жунхай), 2-кабат, 207-кабинет;
- «Форт Оберон» ЖЧКсынын базар администрациясы, 2-кабинет;
- «Альмаматр» ЖЧКсы (Кербен), 24-катар, профсоюздук кеңсе;
- «Долон-Дордой» ЖЧКсынын («Дордой автотетиктери») базарынын администрациясы, 2-кабат;
- «Ак-Суу» ЖЧКсы, профсоюздук кеңсе, Ак-Суу базарынын администрациясынын жанында.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр шилтеме аркылуу катталып, «Жеке кабинетке» кире алышат.

Пикир

Оставить комментарий