• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аксыда бирдиктүү алдын алуу профилактикалык күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Аксы РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен район аймагындагы Кашка-Суу айылында бирдиктүү алдын алуу күнүн өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Анда Кашка-Суу айыл аймагындагы З.Кутманова, У.Турдубаев, Б.Айтматов атындагы орто мектептеринде окуучулар арасында зордук-зомбулукка, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө аларга бөгөт коюу максатында окуучуларга кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле айыл жашоочулары да паспорттук эреже боюнча текшерүүгө алынып, айылда милициянын аймактык тескөөчүсүнүн каттоосунда турбаган, жаңы көчүп келген жарандар каттоого коюлду.

Пикир

Оставить комментарий