• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектиктер эми газ эсептерин «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтө алат

Коом 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Бишкектиктер эми газ үчүн эсептерди «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтө алат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Тиркеме «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын «Бишкекгаз» филиалынын маалыматтык системасы менен интеграция жүргүзүлдү. Ошентип, шаар тургундары «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде колдонулган жаратылыш газы үчүн эсептерди көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ошондой эле тиркемеде төмөнкү маршруттук каттамдар жаңыланды: №169, 225, 163, 220, 203, 215, 136, 137, 104, 164, 222, 135, 192, 166, 258, 243, 11 199, 179, 260, 211, 185, 250, 254, 285, 111, 216, 134, 202, 208, 227, 143, 129 жана 240.

Мындан тышкары, тиркеме кошумча өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жарандар үчүн маанилүү эскертүүлөрдү жана билдирүүлөрдү көрсөтөт жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча маалымат берет.

Пикир

Оставить комментарий