• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги "Кара жыгач" сейил багында жаңы пандус курулат

Коом 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. "Кара жыгач" сейил багындагы Чоң Чүй каналы аркылуу өткөн көпүрөнүн тепкичтерин бойлой пандус курулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Пандус бардык жарандарга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана кыймылга чектөөлөр бар адамдарга бирдей мүмкүнчүлүк берүү үчүн жеткиликтүүлүк жана коопсуздук стандарттарын эске алуу менен иштелип чыгат.

Мэриядан белгилешкендей, пандустун курулушу ошондой эле сейил бакка балдардын коляскасы жана велосипед менен жетүүнү жеңилдетет.

Пикир

Оставить комментарий