• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Ак-Тал айылындагы баатыр-энеге үй курууга жардам берди

Коом 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен көп балалуу үй-бүлөгө турак жай курулуп берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-августта райондун акими Жумадилла Жапаров Ак-Тал айылындагы 51 жаштагы баатыр эне Гүлзат Искаковага президенттин атынан салынып берилген жаңы үйдүн мамлекеттик актысын жана техникалык паспортун тапшырды.

Гүлзат Искакованын 7 баласы бар. 2020-жылы жолдошу каза болуп, балдарын жалгыз тарбиялап келет. Буга чейин анын кызы интернет булактары аркылуу президент Садыр Жапаровдун наамына видео кайрылуу жасаган. Анын кайрылуусу президентке жетип, аталган үй-бүлөгө жаңы турак-жай салынып берилди.

Пикир

Оставить комментарий