• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Бишкекте түңкү клубдарга баңгизаттарды жеткирип жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Баңгизаттарды таратуучу тармакка бөгөт коюлуп, синтетикалык жол менен чыгарылган ири партия кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-февралдан 10-февралга караган түнү УКМК тарабынан баңгизаттарды таратуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө синтетикалык наркотикалык заттын ири партиясын сатууга аракет кылуу учурунда КР жараны А.Р.Н. кармалып, андан жалпы салмагы 1 кг 110 гр түзгөн 6,5 млн сомго жакын "мефедрон" заты алынган. А.Р.Н. курьер болуп саналат жана аталган затты түнкү клубдун кардарларына жеткирип турган.

Мындан улам ошол эле түнү жаштар арасында баңгизаттарды таратуу тармагын уюштурууга байланыштуу ички иштер органдары менен биргеликте Бишкек шаарындагы "Хилс", "Молекула", "Кипишь", "Хайв бар" аталышындагы 4 түнкү клубда тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында айрым клубдардан белгисиз жыты бар бир нече таңгактар табылып, аларга экспертиза дайындалган.

Маалымат үчүн: Акыркы жылдары Бишкек шаарында "Меф", "Соль", "Скорость" сыяктуу психотроптук баңгизаттар активдүү тарай баштады. Бул заттар өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна орду толгус зыян келтирүүдө. Баңги каражаттарынын бул түрлөрүн кеңири колдонуунун себептеринин бири мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана ээлери, мындай фактыларды болтурбоо боюнча атайылап активдүү чараларды көрүшпөйт.

Тергөө иш-чараларын жана түшүндүрүү-профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн жогоруда аталган мекемелердин администраторлору, ошондой эле тейлөө кызматкерлери УКМКга алынып келинди.

Ал эми жогоруда аты аталган А.Р.Н. аттуу жаран КР Жазык-процесстик кодексинин 97-беренесине ылайык, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, УКМК баңгизаттарды тараткандыгы үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий