• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөт саммитине катышууда

Өкмөт 0

Бишкек, 13.02.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөт саммитине катышууда.

Ал XDG2045 деген шарттуу аталыштагы, 2030-жылдан кийин туруктуу өнүгүү максаттарын иштеп чыгууга арналган тегерек столдо сөз сүйлөдү.

Эдил Байсалов өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү пландарына интеграцияланган 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары боюнча кыргыз өкмөтүнүн ишин белгиледи.

Ал Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү максаттарды ишке ашыруудагы ийгиликтери БУУнун өткөн жылдагы баяндамасында белгиленгенин, анда Кыргызстан 166 өлкөнүн ичинен 45-орунда экенин эске салды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча COP28 алкактык конвенциясынын ийгиликтүү өтүп жаткандыгын белгилеп, ошондой эле COP29 конференциясын Ушул күздө Баку шаарында өткөрүү укугун алган Азербайжандын төрагалыгын кубаттады.

COP29 президенти, Азербайжандын Жаратылыш министри Мухтар Бабаевге кайрылуусунда Эдил Байсалов өткөн жылдагы климаттын өзгөрүшү боюнча конференциянын негизги жетишкендиги Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча, тоо жана климаттык проблемалар боюнча жаңы глобалдык диалогдун зарылдыгы жөнүндөгү маселенин жыйынтыктоочу документтерине кошулганын эске салды.

Ушул күндөрү Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөт саммитине катышуунун алкагында Эдил Байсалов мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу, өкмөттөр ортосунда тажрыйба алмашуу, мамлекеттик башкарууда, билим берүүдө, медицинада жана башка секторлордо жасалма интеллектти колдонуу боюнча бир нече сессияларга катышты.

Сессиялардын биринде Минкаб башчысынын орун басары Бириккен Араб Эмираттары иштеп чыккан мамлекеттик акселератордун инновациялык ыкмасын колдонуу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий