• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаштардын башын бириктерген “Жашар - 2023” фестивалы өттү

Коом 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Жаштар күнүнө карата "Жашар - 2023" аталышындагы жаштар фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чарага министрлеркабинетининтөрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин орун басары Марат Тагаев, депутаттар жана бир топ жаштар катышты.

Анда бүгүнкү күндө жаңы Кыргызстанды курууга багытталган коомдук-саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууда жаштарыбыздын ролу артып, алардын катышуусу күндөн-күнгө өсүп жаткандыгы белгиленип, өлкө турмушунда маанилүү орунду ээлеген, саясий жана жарандык позициясы бар жүздөгөн жаштар турмуштун бардык тармактарында өлкөбүздүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айланып жаткандыгы сыймыктануу менен айтылды.

Фестивалдын алкагында жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу аянтчалар түзүлүп, "Сүйлө", "Жаса" жана "Кара" - платформалары иштеп, келген жарандар үчүн эшик ачык болду.

Иш-чараны КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Борбордук Азиядагы IDEA жана КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте уюштурду.


Белгилей кетсек, Жаштар күнү Кыргызстанда жыл сайын 10-ноябрда белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий