• 88.68
  • 95
  • 0.95

Евробиримдиктин "Санарип Инсан” долбоору жаштардын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууда

Коом 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын 10-ноябрында Инновация борборунда жалпы байге фонду 27 500 евро же 2.6 млн сом болгон "Санарип Инсан" стартап долбоорлор сынагынын финалы өттү.

"Санарип Инсан" стартап долбоорунун сынагы: «Жаштар, өзгөчө жаш аялдар, капиталдаштырылбаган бизнес долбоорлорду түзүү үчүн алдыңкы санариптик билимдерди жана көндүмдөрдү колдонууга мүмкүнчүлүк берүү» темасында өткөрүлөт жана анын максаты, анын ичинде социалдык-экономикалык жактан таасир этүүчү туруктуу бизнес моделдерин өнүктүрүү жана колдоо, кичи шаарлардын, айыл-кыштактардын калкынын, дыйкандардын турмушу.

18-35 жаштагы кыргызстандыктар 4 багыт боюнча өз идеяларын жөнөтө алышат:

  • IT чечимдери;
  • билим берүү;
  • электрондук бизнес;
  • жасалма интеллект.

Биринчи этапта жалпысынан 164 форма түшкөн, анын ичинен 115 и аялдар. Сынактын экинчи этабына 22, финалга 18 стартап долбоор өттү .

Финалга өткөн 18 стартап долбоорунун 16 оффлайн форматта, ал эми 2 команда алыскы Баткен облусунан онлайн форматта катышып, стартап долбоорлорун жакташты.

Калыстар тобунун мүчөлөрү мыкты 8 стартап долбоорду аныктап, жеңүүчүлөргө финансылык колдоо көрсөтүүгө сертификаттар ыйгарылды. 1- орунду “ Salym.AI- акылдуу салык ассистенти” стартап долбоору 400 000 сом, ал эми акыркы 8-орунду “Кыргыз Боёк” стартап долбоору 150 000 сом акчалай сыйлык жеңип алышты.

Дагы 600 миң сом бүгүн жеңишке жетишпей калган командалар арасында таркатылат.

Сертификаттарды ыйгаруу аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Супаналиев Бекжан Төрөбаевич, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чаначев Улан Белекович жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Омельченко Клим Сергеевич катышып, санариптешүү доорунда “Санарип Инсан” долбоорунун өзгөчө аймактардагы жаштар, айымдардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуудагы кошкон салымын баса белгилешти.

“Санарип Инсан” долбоору - жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы долбоор. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат. Долбоорду Евробиримдиктин колдоосу менен European Neighborhood Council жана Интернет коомдун Кыргыз болүмү ишке ашырууда.“

Пикир

Оставить комментарий