• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Энергетика министрлиги менен франциялык компания кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Франциянын TotalEnergies Renewables SA компаниясы ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, документке 10-ноябрда КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана аталган компаниянын вице-президенти, глобалдык бизнес өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Фабьен Демол кол койду.

Аталган меморандумдун негизги максаты энергетика тармагында кызматташуу, Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорду ишке ашыруу, генерациялоочу электр станцияларын куруу жана эксплуатациялоо, өнүктүрүү, каржылоо боюнча кызматташууга багытталган.

Кол коюу аземинен тышкаркы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүгө болгон потенциал жогору экенине токтолду.

“Биздин өлкө суу ресурсуна бай. Электр энергиясын өндүрүү үчүн Чакан ГЭСтерди курууну жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууну каалаган инвесторлор биз менен кызматташып, керектүү маалыматтарды ала алышат. Энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн инвестициялык сунуштарга ачыкпыз. Алдыга койгон пландарды ишке ашырууга биз дагы кызыктарбыз. Бүгүнкү кол коюлган документ келечекте жакшы жыйынтыгын берет деген үмүттөмүн”, — деди Таалайбек Ибраев.

Пикир

Оставить комментарий