• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-түрк ооруканасын эки тарап үч жыл бирге башкарат, анан башкаруу кыргыз тарапка өтөт

Коом 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Кыргызстан менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле кыргыз жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркияда билим алуусу жөнүндө макулдашуу жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Баяндамачынын айтымында, макулдашуунун алкагында Бишкек шаарында ачыла турган кыргыз-түрк ооруканасын эки тарап 3 жыл биргелешип башкарат, андан кийин аны башкаруу укугу кыргыз тарапка биротоло өткөрүлүп берилет. Өткөрүлүп берилгенден кийинки 3 жыл аралыгында Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мониторинг жана координациялоо жумуштары жасалып турат. Медициналык мекемеде жарандарга кызмат көрсөтө турган 72 жатак орун болот.

Макулдашууда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруудагы жана каржылоодогу жаңы принциптер менен программаларды өткөрүп берүү, жыл сайын 20 кыргыз дарыгерин Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Стипендиант-студенттер Ченөө, тандоо, жайгаштыруу борбору тарабынан тандалып, алардын саны эки тараптын ортосунда сүйлөшүлгөн кошумча келишимдердин негизинде аныкталмакчы.

Андан тышкары, Түркия эки тараптуу келишимде камтылган чараларды ишке ашыруу максатында, кошумча 15 млн доллар көлөмүндө гранттык каражат бөлө турганы белгилүү болду. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, кыргыз-түрк ооруканасында иштеген түрк адистери менен кыргыз дарыгерлеринин эмгек акысы жогору болот.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев ушу тапта кыргыз-түрк ооруканасынын курулушу аяктап калганын, зарыл болгон заманбап медициналык жабуулар келип жатканын, үчүнчү деӊгээлдеги заманбап оорукана ушул жылдын ичинде ачыла турганын билдирди. Ал келишимди ратификациялоо жол-жоболорун тездетүү зарылдыгын, келишим жакын арада түрк парламенти тарабынан да ратификациялана турганын кошумчалады.

Андан тышкары, кыргыз-түрк ооруканасында жасалган бөйрөк, боор сындуу органдарды алмаштыруу операцияларынын баасы Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги менен макулдашылган тартипте аныкталары, алмаштырыла турган адамдын ички органдарынын алынышына катуу көзөмөл жүргүзүлө турганы белгилүү болду. “Келишимге ылайык, ооруканадагы сыркоолордун 20 пайызы акысыз дарыланат”, - деп кошумчалады Мадемин Каратаев.

Депутат Аида Исмаилова өз каражатына заманбап оорукана куруп бергени үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирүү менен бирге, азыр ратификацияланып жаткан келишимде кыргыз тараптын кызыкчылыгына кайчы келген айрым бир жоболор да камтылып калганын белгиледи. “Бул оорукана карапайым калк үчүн эмес, акчалуу адамдарга курулуп калгандай пикир калтырууда. Келишим түзүлүп жатканда жакшылап карап, карапайым калктын калыӊ катмарынын кызыкчылыгына бекем туруш керек болчу”, - деп кошумчалады ал.

Ал эми курулганына 5 жыл болгон ооркананын документациясы эмдигиче бүтпөй жатканына таӊгалган депутат Алтынбек Сулайманов Саламаттык сактоо министрлигинин ишине нааразылыгын билдирди. “Имараттын курулушу бүткөнүнө бир жыл болуптур, аны эбак эле ачып, толук кандуу иштетиш керек эле. Силер эми деле иштете албайсыӊар, аны жеке менчикке өткөрүп берүү зарыл”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий