• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Аскарбекова: Мыйзамдарды инвентаризациялоо өлкө үчүн маанилүү

Коом 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-августта, борбор калаада КРнын “КРнын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” жана “Маалыматка жетүүнүн кепилдиги жана эркиндиги жөнүндө” мыйзамдарын инвентаризациялоонун алдын ала жыйынтыктарын талкуулоо жүрүп жатат. Белгилей кетүүчү жагдай, мындан мурда бул мыйзамдар социалдык тармактарда жана калк арасында чоң резонанс жараткан.

Кыргыз сот аялдарынын ассоциациясынын төрайымы Чынара Аскарбекова инвентаризация процессин өлкө үчүн маанилүү деп эсептейт. Анын пикиринде бул процессте өнөктөштөр керек.

“Биз Юстиция министрлиги менен жакшы кызматташабыз жана көз карандысыз эксперттерди тартууга аракет кылабыз. Бул процесс маанилүү экенин белгилеп кетким келет, анткени мыйзамдар жана укуктук негиздер абдан маанилүү. Бир канча мыйзам болгон учурда кайсыл мыйзамга артыкчылык берүү керектигин чечүү кыйын болуп калат. Биз укуктук системанын сапаттуу болушуна кызыкдарбыз. Ошондуктан ушул процесске катышууну чечтик”,-деди Аскарбекова.

Пикир

Оставить комментарий