• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 69 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 69 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1068 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 387 куб метрге жетүүдө.

Пикир

Оставить комментарий