• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта мейманканада жаңжал чыгарган жаран кармалып, сурак берүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Талас шаарында мейманкананын эшиктерин сындырып, келген конокторду коркуткан жаран кармалып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн "102" кызматына 11-октябрь күнү түнкү саат 04:30 чамасында чакыруу келип, анда Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүндө жайгашкан "Кербен пэлэс" мейманканасында белгисиз жаран эшиктерди сындырып, чатак салып жатканы маалымдалган.

Талас ШИИБнин ыкчам тергөө тобу текшерүү жүргүзгөн учурунда 1983-жылы туулган жергиликтүү тургун О.С. мас абалда мейманкананын эшиктерин сындырып, чатак салгандыгы белгилүү болгон.

Андан тышкары, ошол мейманканада токтоп турган "Фольксваген Поло" жана "Ниссан" үлгүсүндөгү унаалардын айнектерин сындырып салганы аныкталган.

"Ал жарандын милицияда иштеген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анын милицияга эч кандай тиешеси жоктугу такталган. Учурда шектүү эч жерде иштебейт", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Талас ШИИБнин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына бейбаштык фактысы менен катталып, учурда тергөөдө сурак берүүдө.

Шаардык милиция окуянын бардык жагдайлары иликтенип, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканы жана бул боюнча кошумча маалымат берилерин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий