• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ажылык-2019: Муфтият авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады

Коом 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы зыяратчыларды 2019-жылдагы ажылык сапарына жеткирүү үчүн Кыргызстан жана Сауд Арабиянын улуттук авиакомпаниялары арасында сынак жарыялайт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сынакка билдирүүлөр 2018-жылдын 28-декабрынан 2019-жылдын 28-январына саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Андан кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.

Сынактын өзү 2019-жылдын 30-январында саат 10:00до өтөт. Анын жыйынтыгы 1-февралда жарыяланат.

Сынактын талаптары тууралуу кенен маалымат алуу үчүн Муфтияттын кийинки дарегине кайрылса болот: Бишкек ш., Гоголь көчөсү 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде). Байланыш телефондору: 0(778)90-06-01, тел/факс: 0312 48-61- 67, э-почта muftiyat.hajj@mail.ru.

Пикир

Оставить комментарий