• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ордо оюну боюнча өлкө чемпионатын Таластын курамасы жеңди

Спорт 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Бишкектин Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинде ордо оюну боюнча өлкө чемпионаты өттү.

Ордо федерациясынан билдиришкендей, чемпионатка өлкөнүн Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош, Бишкек шаарларынын курама командалары катышты. Мелдеште командалардын бардыгы бири-бири менен ойноп чыгышты.

Үч күнгө созулган мелдештин жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын чемпиону болуп Талас облусунун курама командасы аталды. Экинчи орунду Бишкек шаары, ал эми үчүнчү, төртүнчү орунду Ысык-Көл облусу менен Ош шаарынын ордочулары ээледи.

Чемпиондор жана байге ээлери 1-2-3-даражадагы диплом, медалдар менен сыйланышты.

"Быйылкы чемпионаттын жыйынтыгы менен ордо оюну боюнча Кыргызстандын курама командасы түзүлдү. Алар сентябрь-октябрь айында Түркияда өтүүчү IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын намысын коргошот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий