• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ислам шериктештиги оюндары. Кыргызстандын куржунунда дагы бир алтын жана коло бар

Спорт 0

Бишкек, 16.08.22./Кабар/. Кечээ, 15-августта Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызтандык спортчулар дагы бир алтын жана коло байге утуп алышты.

Кыргызстандык спортчу Роман Петров фехтования боюнча алтын байгеге ээ болду. Ал финалдык беттеште Азербайжандык спортчуну 15 - 11 эсебинде жеңип алды.

Ал эми оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков бул оюндарда коло байгеге татыды. Спортчу жалпы 385 кг салмакты көтөрүп, 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, буга чейин Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын курама командасынын куржунунда 6 алтын, 6 күмүш жана 7 коло бар болчу.

Пикир

Оставить комментарий