• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына өттү

Спорт 0

Бишкек, 11.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Медет кызы чемпионаттын чейрек финалынан баштап биринчи орун үчүн кармашты баштады. Ал 76 кг салмакта алгач индиялык Прия аттуу спортчунун далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады. Ал эми финалга чыкчу кармашта кыргыз кызы япониялык Мизуки Нагасиманы 3:2 эсебинде артта калтырды.

Ал эми алтын үчүн кармашта Айпери Медет кызы казакстандык Элмира Сыздыкова менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, 2021-жылы өткөн Азия чемпионатында Медет кызы дал ушул Элмира Сыздыковага финалда утулуп калган.

Аталган мелдеште Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий