• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси болду

Спорт 0

Бишкек, 15.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчусу Айпери Медет кызы Казакстандагы Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди. Аталган мелдеш Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында түз эфир аркылуу көрсөтүлүүдө.

Чемпионат 13-18-апрелде Алматы шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алгач казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсебинде утуп алган. Андан кийин монголиялык Загардулам Найгалсуренди (6:0) жана кореялык Чжон Сео-Енди (10:0) жеңген.

Финалдык кармашууда кыргызстандык спортчу кайрадан казакстандык Элмира Сыздыкова менен килем үстүнө чыкты. Анткени Сыздыкова буга чейинки атаандаштарын жеңгени үчүн финалга өткөн. Алтын үчүн күрөштө казакстандык спортчу Айпери Медет кызынын далысын жер каратып утуп алды.

Аталган чемпионатка Айсулуу Тыныбекова (62 кг) жана Назира Марсбек кызы (57 кг) да катышууда. Ал эми Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын, Нураида Анаркулова (59 кг) коло медаль жеңип алды.

Эскерте кетсек, Казакстандын Алматы шаарында 9-11-апрелде Олимпиада оюндарына лицензия бере турган Азия квалификациялык мелдешинде кыргызстандык балбандар Олимпиада оюндарына 6 жолдомо жана 9 медаль жеңген.

Пикир

Оставить комментарий