• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бокс боюнча жаштар арасында өлкө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Бишкекте бокс боюнча жаштар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаменти.

Биринчилик 20-23-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтмөкчү.

Мушкерлер төмөнкү салмакта күч сынашат:

  • балдар арасында: 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг;
  • кыздар арасында: 51, 54, 57, 60, 63, 66 кг.

Белгилей кетсек, аталган чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу "Ынтымак" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий