• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорлорунун делегациясын кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.03.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорлорунун делегациясын кабыл алды.

Минкаб төрагасы бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу боюнча Министрлер Кабинети реалдуу иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.

Акылбек Жапаров ошондой эле өлкөнүн негизги долбоорлоруна токтолуп, мамлекеттин жаңы экономикалык саясаты биринчи кезекте үч негизги багытка: энергетика, тоо-кен жана транспорт жана транзиттик тармактарга негизделерин белгиледи.

Минкаб төрагасы Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүү маселесине олуттуу мамиле жасап, декарбонизация жана жашыл энергетикага өтүү боюнча амбициялуу милдеттенмелерди алууга даяр экендигин белгиледи.

“Артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорго энергетика жана транспорттук-транзиттик инфраструктура тармагындагы эки ири келечектүү “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу жана “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу кирет”, - деди минкаб төрагасы.

Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлору үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору презентацияланды, анда бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу Борбор Азиядагы суу-энергетикалык баланска тийгизген оң таасири да белгиленди.

“Министрлер Кабинети өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыгын бекемдөө максатында энергетика тармагындагы реформаларды жана институционалдык өзгөрүүлөрдү улантуу ниетинде. Биз эл аралык институттарды бул багытта колдоо көрсөтүүгө чакырабыз”, - деген Акылбек Жапаров, АКШнын Эл аралык республикалык институтунун соңку сурамжылоосунун жыйынтыгына ылайык, сурамжылоого катышкандардын 82% өлкө туура багытта бара жатат деп эсептей турганын кошумчалады.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоорунун кеңири жана деталдуу презентациясы үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин белгилешти.

Жолугушууда ошондой эле, суу ресурстарын колдонууга жана энергетиканы өнүктүрүүгө комплекстүү мамилени илгерилетүү зарылчылыгы бардык аймакта “жашыл”, туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүнү камсыз кылуунун жалгыз жолу катары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий