• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын облусундагы Өрнөк айылында жаңы мал базары курулууда

Аймак 0

Нарын, 14.08.19. /Кабар/. Нарын облусунун Нарын районундагы Өрнөк айылында баардык санитардык талаптарга жооп берген жаңы мал базары курулууда.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Сагындыковдун айтымында, мал базар 3 гектарды ээлейт.

"Долбоор Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин көмөгү менен ишке ашырылууда. Анын эсеп баасы – 1 млн. 700 миң сом. Эски базар талаптарга ылайык келбей, башаламан курулган. Ошол эле учурда соода жакшы жүргөн. Мындан улам жаңы базарды куруу ою жаралды", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий