• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азиз Мадаминов Ысык-Көлдө өткөн бильярд боюнча дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов Ысык-Көл облусунда өткөн бильярд боюнча дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду ээлеп, коло байгеге ээ болду.

Турнир 7нен 14-августка чейин Чолпон-Ата шаарында өттү. Чемпионатка 20дан ашуун өлкөдөн келген спортчулар катышкан. Спортчулар “Эркин пирамида” дисциплинасы боюнча беттешишкен.

Финалга чыгуу беттешинде атамекендик спортчу Азербайжандан келген Сеймур Мамедов менен ойноп, экинчиликти алдырып койгон. Оюн 4:5 эсеби менен аяктап, Мадаминов үчүнчү орунду ээлеген.

Россиядан келген Семен Зайцев чемпионаттын жеңүүчүсү аталган.

Пикир

Оставить комментарий