• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Разаков Баткендеги «Бакай» участогунда ирригациялык объекттерди оңдоо иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Баткен районунун Ак-Сай айыл округундагы «Бакай» участогунда жашоочуларды сугат суусу менен камсыздоо үчүн насостук станцияны реконструкциялоо жана курууга даярдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, бул объектке 2019-жылы 50 млн. сом өлчөмүндө каржылоо каралган.

Ирригациялык объекттерди оңдоо жана куруудан кийин 321 га сугат жери пайда болот.

Пикир

Оставить комментарий