• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды

Аймак 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда болжол менен саат 16:00дө Ысык-Көл райондук милициясына 47 жаштагы Бостери айылынын тургуну кайрылып, анын 14 жаштагы уулу эртең менен мектепке кетип, кайра үйгө кайтпагандыгын билдирген.

Аталган факты милициянын электрондук маалымат журналына катталып, өздүк курамы болсо жаш өспүрүмдү издөөгө тартылды.

“Өспүрүм түн орстосунда Чолпон-Ата шаарынын күнү-түнү иштеген дүкөндөрүнүн биринде табылган. Жүргүзүлгөн профилактикалык баарлашуудан кийин, өспүрүм ата-энесине кайтарылып берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда өспүрүмдүн үйдөн ата-энесине айтпай кетип калуусунун жагдайлары аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий