• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда №1 Бабкин атындагы мектептин жаңы корпусу ачылды. Иш-чарага Акылбек Жапаров катышты

Аймак 0


Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №1 Бабкин атындагы орто мектептин үч кабаттуу 375 орундуу жаңы корпусунун ачылышы болду. Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкандыгын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анда министрлер кабинетинин башчысы мугалимдерди жана шаар тургундарын бул мектептин жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, мамлекет билим берүү тармагына абдан катуу көңүл буруп жатканына токтолду.

Анын айтымында, быйыл 130га жакын мектеп, анын ичинен Жалал-Абад облусунда эле 28 мектептин имараттары курулуп пайдаланууга берилди. Ал мунун бардыгы өлкөдө жүрүп жаткан реформалардын жыйынытыгы экенин айтып, Жалал-Абад шаарында жасалып жаткан алгылыктуу иштерди да белгилей кетти.

“Президентибиздин тапшырмасы менен биз быйыл Жалал-Абад шаарына 2 млрд сом бердик. Мага алып келген пландагы курулуштар 90-100% бүтүү процессине келди. Шаардын ондогон көчөлөрү асфальтталды, жарыктар коюлду, тротуарлар, веложолдор, жол жээгиндеги арыктар жасалды. Шаарга 112 млн сомдук асфальт-бетон заводу курулду. Эми шаар ичи-сырты толугу менен асфальттанат", - деди Акылбек Жапаров.

Сөз соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекет билим берүү тармагына тиешелүү шарттарды түзүү менен бирге келечек муун үчүн кам көрүп жатканын айтып, мугалимдер жана ата энелерди балдарды заман талабына ылайык мыкты адис кылып даярдоого биргеликте активдүү аракет көрүүгө чакырды.


Маалымат үчүн: Бабкин атындагы мектептин кошумча имаратын куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 59 млн 308 миң сом сарпталды.

Пикир

Оставить комментарий