• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга 41 субъектке 4,73 млн сом берилди — Финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга 41 субъектке 4,73 млн сом берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо” долбоору боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин тескемесине ылайык аталган долбоор бекитилген.

Анын максаты жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттары аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана материалдарды сатып алуу жолу менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин жогорулатууга мамлекетик колдоо көрсөтүү.

"Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 1 млрд сомду түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий