• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда долларга карата дефицит жок - Улуттук банктын төрагасы

Экономика 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда долларга карата дефицит жок. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов улуттук валютанын америка долларына жана еврого карата курсунун түшүшү тууралуу билдирүү жасап жатканда билдирди.

Брифингдин жүрүшүндө ал билдиргендей, сырткы чөйрө татаал бойдон калууда. “Кыргызстандын соода тармагындагы негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн финансылык рынокторунда өзгөрүлмөлүү жагдай байкалууда”- деди ал.

Рыноктордун соода жана финансы операциялары аркылуу бири-бирине байланышта болушу бул өлкөлөрдө болгон жагдайдын Кыргыз Республикасынын финансылык индикаторлоруна да таасир этүүсүн шарттоодо.

Абдыгулов белгилегендей, чет өлкө валютасына суроо-талаптын өсүшү негизги өнөктөш өлкөлөрдөгү кырдаалга байланыштуу болгон.

“Валюта рыногундагы активдүүлүк көп учурда жарандардын күтүүлөрү менен психологиялык факторлордон улам болду”, - деди Улуттук банктын төрагасы.

"Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн түзөө максатында, чет өлкө валютасын сатуу боюнча интервенция ишке ашырылды. Бүгүнкү күндө долларды сатуу жана сатып алууда көйгөйлөр жок",- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий