• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматынын лотереясына 18 миллиондон ашык ID-номер катышууда

Коом 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы башталды жана ал 30-декабрга чейин уланат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 25-29-декабрдагы утушка 18 млн 173 миң 997 ID-номер менен 409 миңден ашуун адам катышууда.

Лотереянын катышуучулары "Салык чек" тиркемеси аркылуу 18,7 млрд сом суммасында кассалык чектерди сканерлешти.

25-29-декабрда 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат. Утуштар күн сайын Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы 13.00.

30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат. Утуш саат 15:00дө УТРК жана Ала-Тоо 24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана Youtube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Утуштарды бул жерден көрсө болот:

Facebook https://www.facebook.com/salykKG

YouTube https://www.youtube.com/@salyk_kg

Пикир

Оставить комментарий