• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Кыргызстанда жалпы суммасы 80 млрд сомду түзгөн 200 миң насыя реструктуризация болгон

Экономика 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда банктар жана чакан каржы компаниялары тарабынан 200 миң насыя реструктуризацияланган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, бардык банктардын жана чакан каржы компанияларынын кредиттик портфелинин 50%дан ашыгы реструктуризацияланган.

"Реструктуризация болгон насыянын жалпы суммасы 80 млрд сомду түзөт. Ал 200 миң насыяны түзөт. Бул иш улантылат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий